Ош шаарында судья 4 миң долларлык параны өрттөп жиберген. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Кызыл-Октябрь айылындагы тургундар менен жолугушууда билдирди.
Анын айтымында, прокуратура кызматкери судьяга 4 миң доллар пара берген. Күч түзүмдөрү судьяны кармоо үчүн үйүнө барганда, ал эшигин ачпай туруп, акчаны ажатканда өрттөп жиберген.
"Өрттөлгөн күкүмдөрдү да чогултуп, экспертиза жүргүздүк. Бизде бардык далилдер бар. Прокуратура кызматкери камалды. Эми сотту жоопко тартуу боюнча сунуш Соттор кеңешине берилди. Ал канааттандырылса, судья камакка алынат", – деди Ташиев.