Президент Садыр Жапаров Бишкекте №7702 аскер бөлүгүнүн жаңы имаратын ачты
Новость

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 23-августта, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чарага, ошондой эле №7702 аскер бөлүгүнүн жаңы имараттарынын ачылыш аземине катышты.

 Иш-чарага ошондой эле Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – УКМКнын Төрагасы Камчыбек Ташиев, ички иштер министри Улан Ниязбеков, ардагерлер жана өздүк курам катышты.

 Мамлекет башчысы өз сөзүндө 1966-жылы курулган мурдагы имарат болгону 200 аскер кызматкерине ылайыкташтырылганын, бирок анда 300дөн ашуун адам кызмат өтөп, элементардык шарттар жетишсиз болуп келгенин эске салды.

 Ал жаңы инфраструктура заман талабына толук жооп берерин жана аскер кызматчылары үчүн татыктуу шарттарды камсыздай турганын белгиледи.

 “Өзүңүздөр көргөн жаңы шаарча салынды. Мында бардык заманбап шарттар эске алынган. Жоокерлердин жатаканасынан тарта этно-конок үйүнө чейин каралып, 22 кичи имаратты камтыган, жалпы аянты 2 миң чарчы метрди түзгөн, бүгүнкү замандын талабына төп келген шаарча курулду.

Мындан сырткары, заманбап санарип каражаттары жана материалдык-техникалык керектөөлөр менен камсыздадык, муну менен ички аскерлердин ыкчамдыгы жогорулайт деп үмүт артам”,- деп белгиледи Президент.

 “Кымбаттуу жоокерлер! Мамлекет түзүп берип жаткан шарттарды туура пайдаланып, Ата Мекенге ак кызмат кылуу ыйык милдетинен эч качан кайтпагыла. Элибиздин коопсуздугун камсыздап, кылмыштуулукка бөгөт коюп, жүктөлгөн милдеттерди ак ниеттүүлүк менен аткарып, Ички аскерлердин жоокери деген сыймыктуу атты сактап, үлгүнү көрсөткүлө.

Силердин эбегейсиз эмгегиңер жалпы журтубузга сыймык болсо, келечек муундарыбызга мыкты өрнөк болот!”, - деди Садыр Жапаров.

 Ал азыркы учурда учкучсуз учуучу аппараттар, алыстан туруп башкаруучу техникалар жана башка ушул сыяктуу заманбап технологиялар биз жашап жаткан мезгилдин эң алдыңкы аскердик ыкмалары болуп саналарын белгилеп өттү. Ааламдашуу доорундагы бул талаптарды эске алуу менен, ИИМ “Санарип аскер” системасын ишке киргизип, аны менен бирге “Санарип офицер” программасын ийгиликтүү иштеп чыкты.

 Президент ошондой эле аскерлер керектүү атайын аскердик техника менен камсыздалганын белгиледи. 10 жаңы имарат курулуп, пайдаланууга берилди, дагы 30у реконструкцияланды.

 Ал мындан 5 жыл мурда ушул эле өздүк курам чек аралардан баштап, өлкөбүздүн бардык маанилүү жана өзгөчө маанилүү объектилериндеги ыкчам абалды радиостанция байланыштары аркылуу билип турса, азыркы учурда ыкчам абалды онлайн форматта 24 саат бою алаканга салгандай көрүп, кандай гана коркунучтар болбосун, токтоосуз координациялай алышарын эске салды. ИИМде, Ички аскерлерге окшогон бардык бөлүктөрдө “Санарип милиция” тутуму толугу менен иштеп жатат.

 Мамлекет башчысы анын жеке тапшырмасы боюнча “Коопсуз өлкө” долбоорунун биринчи этабы ишке кирип, өз ишин ийгиликтүү жүргүзүп жатканын айтып берди.

 

 “Мындан ары бул долбоорду өлкөбүздүн бардык региондоруна жайылтып, элибиздин коопсуздугун чыңдоо боюнча жаңы деңгээлге чыгабыз деген үмүтүм бар. Өлкөбүздө коопсуздук болмоюнча, албетте, өсүп-өнүгүү дагы болбойт”, - деп белгиледи Садыр Жапаров.

 Мамлекет башчысы аскер кызматчыларына ары түйшүктүү, ары сыймыктуу кесипти аркалап, жоопкерчилик менен аткарган иштерине ыраазычылык билдирди: “Заман чакырыгына татыктуу жооп берип, өлкөбүздүн коопсуздугун камсыз кылуу максатында ачылып жаткан имаратыбыз кут болсун!

Элибиздин үмүт-тилегин актаган жайга айлансын! Баарыңыздарга бекем ден соолук, ишиңиздерге ийгилик каалайм!”.

 Андан соң ал аскер бөлүгүнүн штабынын алдындагы тасманы символикалык түрдө чечти.

 Соңунда Президент Садыр Жапаров заманбап аскер шаарчасы (штаб, клуб, спорттук комплекс, ашкана, кампалар, медициналык пункт жана башка инфраструктуралык имараттар), ошондой эле атайын техникалар менен таанышты.