Ош шаарында турак үйдөн өрт чыгып, жалпы 168 адам эвакуацияланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, кырсык Салиев көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн 5-кабатында болгон.
Өрт тууралуу билдирүү саат 09:51де түшүп, Ош шаардык №13 өрт-куткаруу бөлүмүнөн бир күжүрмөн эсеп жөнөтүлгөн. Кошумча саат 10:04тө дагы бир күжүрмөн эсеп жана авто-шаты тартылган. Жалпысынан эки күжүрмөн эсеп иш алып барды.
Ошондой эле саат 10:30да шаардык куткаруу кызматынан төрт куткаруучу жана штаб окуя болгон жерге жеткен.
Өрт саат 10:46да чектөөгө алынып, 11:47де толук өчүрүлгөн. Өрттүн жалпы аянты болжол менен 40 чарчы метрди түзгөн.
Жабыркагандар жок экендиги кабарланды.