Садыр Жапаров Казакстандын эң жогорку даражадагы “Алтын Кыран” ордени менен сыйланды
Новость

Сыйлыкты Кыргызстанга расмий сапары менен келген Касым-Жомарт Токаев бүгүн, 22-августа тапшырды. 

“Алтын Кыран” ордени – бул Казакстандын эң жогорку мамлекеттик сыйлыгы. Ал мамлекет үчүн өзгөчө мамлекеттик эмгеги бар жарандарга ыйгарылат. Орден 1995-жылы негизделген жана талапкерлерди Казакстан Республикасынын Президенти аныктайт. Ошондой эле Казакстан Президенти өзү да кызмат абалы боюнча өзгөчө үлгүдөгү «Алтын қыран» орденинин кавалери болуп эсептелет.