Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга расмий сапар менен келди
Новость

Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаев бүгүн Кыргыз Республикасына расмий сапар менен келди.

«Манас» эл аралык аэропортунан Казакстандын лидерин Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров тосуп алды. Флагштокторго эки өлкөнүн туулары илинип, килем төшөлүп, улуттук боз үй түрүндөгү инсталляция орнотулуп, ардактуу кароол тизилген.

Улуттук кийимчен кыздар Касым-Жомарт Токаев менен саламдашып, ага гүл жана боорсок менен бал сунушту. 

Мамлекет башчылары үчүн кыргыз жана казак музыкалык чыгармаларын аткарган кыргыз артисттеринин катышуусунда концерттик программа уюштурулган.   

Жогорку даражалуу мейманды ошондой эле кыргыз элинин бай маданий мурасын чагылдырган улуттук каада-салттарга ылайык тосуп алышты.

Расмий маалыматка караганда, бул сапардын алкагында мамлекет башчыларынын тар курамдагы эки жактуу сүйлөшүүлөрү жана Жогорку мамлекеттер аралык кеңештин кезектеги жетинчи жыйыны өтөт. Тараптар өз ара кызыкчылык туудурган бардык багыттар боюнча эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле кыргыз-казак мамилелеринин өнүгүү келечегин талкуулашат. Расмий сапар мындан тышкары дагы бир катар иш-чаралар менен коштолот.