Элдин ишеним индекси: Бишкек мэриясы алдыңкы орунга чыкты
Новость

Калктын ишеним индекси боюнча, Бишкек мэриясы биринчи орунга чыкты. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы менен Бишкек шаарында калктын мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүнө ишеним индекси 60,9 баллды түздү. Бул бардык байкоо мезгили үчүн эң жогорку көрсөткүч.

Салыштырып айтканда, 2022-жылдын биринчи жарымында Бишкек шаары боюнча ишеним индекси болгону 34,4 баллды түзгөн. Демек үч жылдын ичинде ишеним деңгээли дээрлик эки эсеге өскөн.

Ишеним индекси боюнча Бишкектен кийинки орунда Ош мэриясы турат. Өлкөдөгү экинчи чоң калаанын бийлигине калктын ишеним индекси 56,9 баллды түзгөн.