Бишкектеги айрым көчөлөрдө убактылуу эки тараптуу кыймыл киргизилди
Новость

22-августтан тартып Бишкек шаарында Киев жана Токтогул көчөлөрүнүн айрым тилкелери убактылуу эки тараптуу болуп уюштурулат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясы билдирет.

Тактап айтканда:

  • Киев көчөсү — Эркиндик бульварынан Абдрахманов көчөсүнө чейинки аралык;
  • Токтогул көчөсү — Эркиндик бульварынан Ибраимов көчөсүнө чейинки аралык эки унаа кыймылы үчун эки тараптуу уюштурулат.

Бул чечим Чүй проспектиси менен Фрунзе көчөсүнүн убактылуу жабылышына байланыштуу жол тыгындарын азайтуу максатында кабыл алынды.

Мындан тышкары, аталган көчөлөрдүн эки тарабына да унаа токтотууга тыюу салынат. Эреже бузган айдоочулардын автоунаалары эвакуатор менен алынып кетет.

Шаар бийлиги борбор калаанын тургундары менен конокторун жол белгилерин сактоого чакырат.