Бишкектеги “Восток” конок үйүндө 5 жылдан бери жашыруун сойкукана иштеп келген
Новость

Бишкекте мыйзамсыз иштеп келген сойкукана аныкталып, анын ишине бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, сойкукана Осмонкул көчөсүндөгү №9 даректе жайгашкан «Восток» аттуу конок үйүндө иштеп келген. Ал жерде мейманкана ишмердүүлүгүнүн атын жамынып алып, акыркы беш жылдан бери интимдик кызмат көрсөтүлүп келген.

Текшерүү маалында мекемеде антисанитардык абал жана негизги санитардык-гигиеналык нормалардын сакталбагандыгы аныкталган. Мындан тышкары, кээ бир кардарлар жана кызмат көрсөткөндөр психотроптук заттарды колдонгону тууралуу маалыматтар да алынган. Учурда бул фактылар боюнча кошумча иликтөө жүрүп жатат.

Натыйжада интимдик кызмат көрсөткөн бир нече жаш кыздар кармалып, административдик жазага тартуу үчүн Свердлов райондук ИИБге өткөрүлүп берилди. Ошондой эле мекеменин администраторлору кармалып, аларга карата тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

16-августта аталган мыйзамсыз ишмердүүлүктүн уюштуруучусу Жумабеков Канатбек Эмишович (1978-ж.т.) кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Мындан сырткары «Восток» конок үйүнүн ээси да жоопкерчиликке тартылары белгиленди.