Асел Ногойбаева: Башка түшкөн оор кырдаалдан кийин бизнес баштаганы турам
Новость

Мурдагы күйөөсү кулак-мурдун кесип салган Асел Ногойбаева Бишкекте өткөн “Дүйнөнү өзгөрткөн аял-лидер” форумунда сөз сүйлөдү.

Зомбулукка кабылган айым учурунда чет өлкөдө бир нече жыл эмгектенип, жаңы тажрыйба жана маданияттарды өздөштүргөнү чоң сабак болгонун айтты: “Жашоодо жеңил болсо көтөрүлбөй, оор учурда чөгүп кетпей көпчүлүк катары мен дагы бир нече жыл чет өлкөдө иштеп, тажрыйба топтоп, жаңы маданияттарга аралашып мамилелерди үйрөндүм. Ал учур мага чоң сабак берди. Мен турмуштун ак-карасын, адамдардын мамилесин жана эмгекти баалоону үйрөндүм. Өз мекенимден алыс жашап бир нерсени ачык-айкын түшүндүм. Эч нерсе өз үйүңдүн жылуулугуна жетпейт экен. Туулган жериңдин топурагы, элдин көз карашы, сага болгон мамилеси – бул баа жеткис".

Ногойбаева башынан өткөргөн оор кырдаалдан кийин эки баласынын келечегин ойлоп, жакындарынын жана колдоо көрсөткөн адамдардын жардамы менен чакан бизнес баштоого бел байлаганын белгиледи. 

“Менин үй-бүлөмдө болгон жана башымдан өткөн оор кырдаалдан кийин эки баламдын келечегин ойлоп, жакындарымдын жана мага колдоо көрсөткөн адамдардын жардамы менен чакан бизнес баштоону чечтим. Биринчи кадамды жасадым, артынан дароо экинчи кадам келди. Эркиндикке, алдыга умтулуу жолум оңой болгон жок. Мен корктум. Кайда барарымды, кимге ишенеримди билбей турганда, мени уккан адамдарды жолуктурдум. Мен жалгыз эмес экенимди сездим”,-деди Ногойбаева.

Мындан тышкары ал мамлекет тарабынан жүргүзүлүп жаткан саясатка ыраазычылыгын билдирип, айыл жергесиндеги айымдарга жашоосун өзгөртүүдө жаңы мүмкүнчүлүктөр түзүлүп жатканын белгиледи.

Ошондой эле Асель Ногойбаева өз сөзүндө өлкө башчысынын жубайы Айгүл Жапаровага да ыраазычылык билдирди:

“Сиз оор мезгилде мага көрсөткөн камкордугуңуз жана колдооңуз үчүн чын жүрөктөн ыраазымын. Жылуу сөздөрүңүз мага дем болуп, сакайып кетишиме ишеним берди”, – деди ал.

2024-жылдын 20-сентябрында Бишкектин чет жакасындагы Селекция айылында жашаган 36 жаштагы аял өз үйүндө бычакталып, кулак-мурду кесилген. Бул кылмышка шектелип, анын 39 жаштагы мурдагы күйөөсү кармалып, тергөө абагына киргизилген. Быйыл 26-январда сот аны 20 жылга эркинен ажыратты. Мындай чечимге Сокулук райондук соту келген. Андан тышкары, Эстебесов мурдагы аялына компенсация катары 2 миллион сом, мамлекетке айып пул катары 80 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирилген.