Нарындан Кытайга жаңы авиатрасса ачылат
Новость

Кыргызстан менен Кытай Нарын облусунун түштүк тарабы аркылуу өтө турган жаңы авиатрасса ачуу боюнча келишимге кол коюшту. Ага ылайык күз айларында ушул жаңы авиа трассасы аркылуу Түштүк-Чыгыш Азияга түз каттамдар ачылып, Кытайдын Кашкар, Үрүмчү сыяктуу ири шаарлары менен тыгыз байланыш түзүлөт. 

Бул бир чети аба каттамдарынын коопсуздугун жогорулатат, экинчиден Бишкектен Кытайга учуп бара турган убакытты эки эсеге кыскарта турган маанилүү долбоор. Ошондой эле жүргүнчү ташууга да, жүк жеткирүүгө да жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылып, чыгым азайып, убакыт үнөмдөлөт. 

Бул кадам өлкөнүн транзиттик потенциалын арттырып, аймактагы авиациялык кызматтарды заманбап стандарттарга жакындатат. Кыргызстан үчүн бул – жаңы экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү ачкан жана аймактык кызматташууну чыңдаган стратегиялык долбоор болуп калат.