Баткенде жоокер өз жанын кыйды
Новость

Баткендеги чек ара бөлүгүндө бир аскер өз жанын кыйганын бүгүн Чек ара кызматынан маалымдашты.

Маалыматка караганда, 20-августта Чек ара кызматынын 2022 аскер бөлүгүндө мөөнөттүү кызмат өтөп жаткан жоокер асынып алган.

Бул факты боюнча дароо тийиштүү укук коргоо органдарына кабар берилип, окуянын себебин аныктоо үчүн кызматтык иликтөө дайындалды.