Султан Раев Венгриянын жогорку мамлекеттик сыйлыгын алды
Новость

Кыргыз эл жазуучусу, ТҮРКСОЙ уюмунун башкы катчысы Султан Раев Венгриянын эң жогорку мамлекеттик сыйлыктарынын бири менен сыйланды. 

Ага "Өзгөчө эмгек сиңиргендиги үчүн" ордени Венгриянын премьер-министри Виктор Орбандын сунушу жана президент Тамаш Шуюктун жарлыгы менен өлкөнүн көз карандысыздык улуттук майрамынын алкагында ыйгарылды. 

Орденди 19-августта Пешти Вигадо имаратында өткөн расмий аземде Венгриянын маданият жана инновациялар министри Балаж Ханко тапшырды. 

Кыргыз эл жазуучусу жана драматург Султан Раев бул жогорку мамлекеттик сыйлыкка Венгрия эли менен маданий кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана венгр-түрк достук мамилелерин чыңдоого кошкон зор салымы үчүн татыктуу болду. 

ТҮРКСОЙ уюмунун башкы катчысы Султан Раев сыйлык үчүн ыраазычылыгын билдирип, мындан ары да Венгрия менен түрк дүйнөсүнүн маданий жана достук байланыштарын тереңдетүүгө кызмат кыла берерин белгиледи.