Садыр Жапаров Өзбекстан Президентинин администрациясынын жетекчиси Саида Мирзиёеваны кабыл алды
Новость

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн Өзбекстан Республикасынын президентинин администрациясынын жетекчиси Саида Мирзиёеваны кабыл алды. 

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, анын ичинде эки өлкө ортосундагы маданий-гуманитардык жана билим берүү байланыштарын чыңдоону талкуулашты. Мамлекет башчысы Өзбекстан Республикасынын Президенти менен биргелешкен күч-аракеттердин аркасында кыргыз-өзбек алакалары мындан ары да стратегиялык өнөктөштүк духунда өнүгүп, чыңдалып жатканын белгиледи. 

Өз кезегинде Саида Мирзиёева кыргыз тарапка жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Президент Садыр Жапаровго Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёевдин саламын жана эң жакшы каалоолорун айтты. 

Өзбекстан Президентинин администрациясынын жетекчиси өз ара сый-урматка жана коңшулаштыкка негизделген мамлекеттер аралык мамилелердин жогорку деңгээлин баса белгилеп, бул процесстеги эки өлкөнүн лидерлеринин маанилүү ролун белгиледи. 

Саида Мирзиёева жаштар саясатын өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, буга чейин эле командалык духтун жана эки өлкөнүн жаштарынын ортосунда достук мамилелерди орнотуунун символу болуп калган Бишкекте өткөрүлгөн «Заковат» интеллектуалдык оюну жөнүндө айтып берди.

Жолугушуунун соңунда Президент Садыр Жапаров Өзбекстан Республикасынын Президентинин администрациясынын жетекчиси Саида Мирзиёевага жооптуу мамлекеттик ишинде ийгиликтерди каалады.