21-августта түнкүсүн Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөйт.
Күндүз Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым райондорунда, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт.
Абанын температурасы:
- Чүй облусунда түнкүсүн +14…+19 күндүз +30…+35
- Талас облусунда түнкүсүн +8…+13 күндүз +26…+31
- Баткенде түнкүсүн +16…+21 күндүз +30…+35
- Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +16…+21 күндүз +30…+35
- Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +9…+14 күндүз +20…+25
- Нарында түнкүсүн +6…+11 күндүз +23…+28
- Бишкек шаарында түнкүсүн +17…+19, күндүз +31…+33 градуска жетет.