Казакстандын президенти Кыргызстанга расмий сапар менен келет
Новость Президент Садыр Жапаровдун Казакстандагы расмий сапары. Астана, 2024-жылдын 19-апрели.

Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев 21-августта Кыргыз Республикасына расмий сапар менен келерин бүгүн Президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Абдумуталип билдирди. 

"Сапардын алкагында мамлекет башчыларынын тар курамдагы эки жактуу сүйлөшүүлөрү жана Жогорку мамлекеттер аралык кеңештин кезектеги жетинчи жыйыны өтөт. Тараптар өз ара кызыкчылык туудурган бардык багыттар боюнча эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле кыргыз-казак мамилелеринин өнүгүү келечегин талкуулашат, -  деп белгиледи Сагынбек Абдумуталип.

Мындан тышкары сапардын жүрүшүндө эки өлкөнүн лидерлеринин катышуусунда Ынтымак паркында «Достуктун алтын көпүрөсү» монументинин расмий ачылыш аземин өткөрүү пландалган. Ошондой эле Казакстан Республикасынын Ош шаарындагы Башкы консулдугунун расмий ачылыш аземи, Л.Н. Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинин Ош шаарындагы филиалынын ачылышы, Кыргызстанда казак киносунун күндөрүн жана Бишкек шаарында үчүнчү кыргыз-казак жаштар форумун өткөрүү пландаштырылган.

Казакстан Кыргызстанга эң жакын кошуна өлкөлөрдүн бири. 1997-жылы Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда “Түбөлүк достук” келишими, андан кийин 2003-жылы “Союздаштык мамилелер жөнүндө” келишим түзүлгөн. Ага чейин жана андан кийин да жогорку деңгээлдеги эки тараптуу бир катар жолугушуулар жана келишимдепр болгон.

Президент Садыр Жапаров акыркы жолу 2024-жылы апрель айында Казакстанга расмий сапар менен барып келген.