Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 31-август - Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин кезектеги жыйынын өткөрдү.
Жыйындын жүрүшүндө республиканын бардык аймагында, өзгөчө Жалал-Абад облусунда майрамдык иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү боюнча маселелер каралды.
Адылбек Касымалиев бардык пландаштырылган иш-чаралардын, анын ичинде жаңы ишканалардын жана социалдык объектилердин ачылышын жогорку деңгээлде уюштурууну камсыз кылуунун маанилүүлүгүн белгиледи.
Жыйындын жүрүшүндө майрамга даярдык көрүү боюнча аткарылып жаткан иштер боюнча жооптуу министрликтер менен ведомстволордун өкүлдөрүнүн отчеттору угулду.
Атап айтканда, республика боюнча өнөр жай жана социалдык объектилерди жана ишканаларды салтанаттуу ишке киргизүү, майрамдык иш-чаралардын концепциялары жана программалары, коопсуздукту жана коомдук тартипти камсыз кылуу, транспорттук камсыздоону жана логистиканы уюштуруу маселелери талкууланды.
Отурумдун жыйынтыгында МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев министрликтерге жана ведомстволорго белгиленген бардык иш-чараларды өз убагында жана сапаттуу аткарууга багытталган бир катар тапшырмаларды берди.