Бишкек мэриясы 21-августта шаардагы бир катар райондордо ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөрүн маалымдады.
Суу берүү саат 10:00дөн 24:00гө чейин токтотулат. Бул иштер күз-кыш мезгилине даярдык көрүү жана суу түтүктөрүндөгү жөнгө салуучу арматураларды алмаштыруу менен байланыштуу.
Суу өчүрүлө турган аймактар төмөнкү көчөлөр менен чектелет:
- Горький
- Ж. Пудовкин
- Ахунбаев
- Койбагаров
- Юнусалиев
- Скрябин
- Матросов
- Медеров
- Бектенов
Бул аймактарда жайгашкан турак жайлар, мектептер, бала бакчалар, саламаттыкты сактоо жана башка социалдык объектилер таза суусуз калат.
“Бишкексууканал” муниципалдык ишканасы жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, шаар тургундарын жана мекемелерди ичүүчү сууну алдын ала камдап алууга чакырат.