Эсеп палатасынын инспектору 800 миң сом пара менен кармалды
Новость

Эсеп палатасынын инспектору 800 миң сом пара талап кылууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, шектүү 2024-жылдын май айында Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө карата жүргүзүлгөн пландуу каржылык жана чарбалык текшерүү маалында аныкталган мыйзам бузууларды жаап-жашыруу үчүн айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринен 800 миң сом акча талап кылган.

Ошондой эле иликтөө маалында айыл өкмөтүнүн кызматкерлери социалдык объект куруу боюнча өткөн тендерде жеңүүчү компаниядан 10% "сый акы" алышканы белгилүү болгон.

Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, Эсеп палатасынын кызматкери кармалды. Тергөө иштери улантылууда.