Бүгүн, 19-августта УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Даниэл Ажиевдин жубайы Наргиза Ажиеваны кабыл алды.
Наргиза Ажиева 29-июлунда жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу президентке видео кайрылуу жасаган. Видеодо Ажиева мурда мамлекет тарабынан конфискацияланган турак-жайлардын бирин жашоосу үчүн өткөрүп берүү маселесин карап чыгуу өтүнүчү менен кайрылган.
УКМК тарабынан Ажиеванын турмуштук оор кырдаалын, ошондой эле Н.Ажиеванын оор дартка чалдыккан баласы бар экенин эске алып, ага мурда конфискацияланган батир жана жаңы автоунаа тапшырылды.
Белгилей кетсек, өлкө мыйзамдарына каршы келген «веб-кам» аталышындагы студияларын иштетүүдөн түшкөн мыйзамсыз каражаттарды легалдаштыруу максатында уюкан кылмыштуу топ түзгөндүгү үчүн Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун тергөө судьясынын токтому менен Ажиев Даниэлдин мүлктөрүнө камак салынып, андан ары конфискацияланып мамлекеттин балансына кирешеленген. Конфискацияланган мүлктөрдүн жалпы наркы 262 миллион сомду түзгөн.