Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, Чолпон-Ата шаарындагы эс алуучу жайлардын биринде 23 жаштагы жигит каза болгон окуя боюнча үч өспүрүм шек саналып кармалды.
Маалыматка ылайык, шектүүлөр — Ак-Суу районунун 14 жаштагы, Түп районунун 16 жана 18 жаштагы тургундары болгон. Аларга карата Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (Адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, соттун чечими менен 2 айга камакка алынды. Ошондой эле соттук-медициналык экспертиза дайындалган.
Окуя 15-августтан 16-августка караган түнү болгон. Алдын ала маалыматтарга караганда, маркум белгисиз адамдар менен пикир келишпестиктен кийин оор жаракат алып, каза болгон.
Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмү 16-август күнү эртең менен 103 кызматы аркылуу маалымат алган. Окуя болгон жерден далил зат катары жыгач таяк табылган.
Учурда тергөө иштери уланууда.