Нарында адам өмүрүн алган көпүрөнүн ордуна жаңы көпүрө салынууда
Новость

Нарын районунун Нарын – Орук-Там жолунун 39-чакырымындагы бузулган Куюш көпүрөсүнүн ордуна жаңы көпүрө курулуп жатат.

Учурда дарыянын эки жээгиндеги тирөөчтөрдү бекемдөө иштери жүрүүдө. Бул үчүн тийиштүү министрликтерден атайын техникалар жана адистер тартылган.
Адистердин билдирүүсүндө, көпүрө 21 күндүн ичинде бүтүп, пайдаланууга берилет. Жаңы көпүрөнүн узундугу 33 метрди түзүп, темир конструкция менен куралып орнотулат.

Өткөн ишемби күнү транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев, Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Сатаров жана өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Эки-Нарын айылынын тургундары менен жолугушуп, көпүрөнүн курулушу боюнча маалымат берген.

Ошондой эле Эки-Нарын айылына жетүү үчүн альтернативдик жол даярдоо иштери да уланып, Транспорт министрлигине караштуу №8 жол тейлөө ишканасы тарабынан тиешелүү жумуштар аткарылып жатат. Эки-Нарын жана Орук-Там айылдарынын тургундары үчүн каттам Кара-Кужур - Сары-Булак - Арчалы - Орук-Там жолу аркылуу жүргүзүлөт. 

13-августта авариялык абалдагы Куюш көпүрөсү жүк ташуучу унаа өтүп бара жатканда ортосунан сынып, унаа Нарын дарыясына түшүп кеткен. Сууга агып кеткен айдоочунун сөөгү эки күндөн кийин табылган.