Эртең айрым аймактарда жамгыр жаап, күн күркүрөйт
Новость

19-августта түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде кыска мөөнөттүү жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирет. 

Күндүз Чүй, Ош облустарынын тоолуу райондорунда кыска мөөнөттүү жамгыр жаап, күн күркүрөйт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +12…+17 күндүз +28…+33

Талас облусунда түнкүсүн +8…+3 күндүз +26…+31

Баткенде түнкүсүн +13…+18 күндүз +28…+33

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +14…+19 күндүз +29…+34

Ысык-Көлдө түнкүсүн +9…+14 күндүз +21…+26

Нарында түнкүсүн +7…+12 күндүз +21…+26

Бишкек шаарында түнкүсүн +15…+17°, күндүз +29…+31 градуска жетет.