Бишкекте ири өлчөмдөгү акча каражатын уурдоого шектүү жаран кармалганын бүгүн ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, буга чейин милиция бөлүмүнө Ш.В. аттуу жаран арыз менен кайрылып, 2024-жылдын 15-февралына караган түнү белгисиз адамдар Бишкек шаарынын Ч. Валиханов көчөсүндө жайгашкан компаниянын кеңсесинин биринин темир торлорун бузуп, терезени ачып киргенин жана коопсуздук кутусунан (сейф) 23 000 АКШ доллары, 460 000 рубль, 500 000 теңге жана 200 000 сом өлчөмүндөгү акча каражатын уурдап кетип, ири материалдык зыян келтиргенин билдирген.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) менен кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, ИИМдин кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүүнүн өздүгү аныкталып, мурда бир нече жолу соттолгон 1988-жылы туулган К.С. аттуу жаран кармалып, Тергөө кызматына жеткирилди.
Азыркы учурда К.С. Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 96-беренесине ылайык, Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө амалдары уланууда.