Нарын шаарындагы УКМКнын Чек ара кызматынын Нарын облусундагы башкармалыгы көчүрүлүп, ордуна жаңы шаарча курулат. Бул үчүн Нарын районунун Кеңеш айылындагы Сейил-Булак чөлкөмүнөн 13 гектар жер сунушталууда. Мындай долбоорду Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү демилгелеп, ал УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев тарабынан колдоого алынган.
Бүгүн, 18-августта УКМКнын төрагасынын орун басары, Чек ара кызматынын жетекчиси Абдикарим Алимбаев Нарын шаарына барды. Ал чек ара кызматы түшө турган жер аянтын көрүп, анын документтерин бир жума ичинде бүтүрүү зарыл экенин белгиледи.
Алгач дубан башчы Нурбек Сатаров Нарында мындан 100 жыл мурун чек ара кызматы салынып, андан соң Нарын шаары түптөлгөнүн айтып, анын ордуна курула турган жаңы шаарчанын долбоору менен тааныштырды.
“Бизге 13 гектар жетиштүү. Бул жерге заманбап, чек арачылардын талаптарына ылайык келе турган аскер бөлүк салына турган болсо, биз да шаардын инфраструктурасы жакшырып, калаанын өнүгүшү үчүн жерди бошотуп берүүгө даярбыз. Биз өзүбүздүн адистерди дагы ала келдик, жерди көрүп, кандай жумуш алып баруу боюнча планыбызды түзөбүз. Сиздер дагы айдоо багытындагы жерди курулуш багытына которуу боюнча жумушту баштасаңыздар. Бул жумушка тиешелүү мекеме жетекчилери дагы кызыктар болуп, документтерин бир жуманын ичинде бүтүрсө, өкмөткө жиберишибиз зарыл. Документтер бүтсө куруу иштерин баштайбыз. Быйыл биз чек ара аскер бөлүгүн капиталдык ремонттон өткөрүп жатканбыз, анын бардыгын токтоттук”,-деди А.Алимбаев.
11.49 гектар жердеги УКМКнын Нарын чек ара башкармалыгынын ордуна 836 метр шаарды айланма жаңы жол, бала бакча, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, көп кабаттуу ипотекалык турак жайлар, Нарын дарыясына көпүрө курулат. Ал эми Коргоо министрлигинин 93546 аскер бөлүгүнүн 22,03 гектар жерине базар, эс алуучу жайлар салынат.