Ысык-Көл районунун акими Жапарбек Ормонов коррупцияга шектелип кармалды
Новость

 Ысык-Көл районунун акими Жапарбек Ормонов 4-сентябрга чейин камакка алынганын бүгүн Бишкектин Биринчи май райондук сотунан кабарлашты. Мындай чечимди райондук сот 15-августта кабыл алган. 

Маалыматка караганда, акимди камакка алуу өтүнүчүн сотко Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматынын тергөөчүсү берген жана ага Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен айып тагылууда.

Жапарбек Ормонов Ысык-Көл районунун акими кызматына 2023-жылы дайындалган. Ага чейин Чолпон-Ата шаарынын мэри, Оштун вице-мэри, Ош шаардык кеңешинин төрагасы болгон.