U-20 дүйнө чемпионаты: кыргыз балбандары күч сынашат. Алар кимдер?
Новость

17-августтан 24-августка чейин Болгариянын Самоков шаарында U-20 жаштар арасындагы күрөш боюнча дүйнө чемпионаты башталат.

Аталган эл аралык мелдешке жалпы 650 балбан чогулат. Алардын ичинен 233ү эркин күрөшү, 231и грек-рим күрөшү, ал эми 186сы кыз-келиндер күрөшү арасында күч сынашат. 

Алгач чемпионат эркин күрөш менен башталат. Кыргызстандын атынан эркин күрөш боюнча жаштар курама командасы 9 салмак категориясында катышат.

Кыргызстандын курамасы – эркин күрөш (U-20):

  • Баяман Керимбеков — 57 кг;
  • Аскат Токтоматов — 61 кг;
  • Өмүрбек Асан уулу — 65 кг;
  • Залкарбек Табалдиев — 70 кг;
  • Адилет Акылбеков — 74 кг;
  • Максат Табылдиев — 79 кг;
  • Элнур Акыбаев — 86 кг;
  • Айтеңир Максатов — 97 кг;
  • Жаргалан Будажапов — 125.

Улуттук курама команданын улуу машыктыруучусу — Алмазбек Аскаров.