18-августтан 30-сентябрга чейин “Электрондук каттоо” автоматташтырылган маалыматтык системасында кеч каттоо жүргүзүлөрүн бүгүн Агартуу министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда бул учурда “Каттоону жокко чыгаруу” баскычы кайрадан иштетилет. Эгер зарылчылык жаралса, ата-энелер мурунку каттоону жокко чыгарып, баланы бош орун бар башка мектепке кайра каттай алат.
Кеч каттоо аяктаганга (30-сентябрга) чейин балдарын каттоого жетишпей калган ата-энелер кийинки окуу жылына каттоо үчүн гана мектепке кайрыла алат. Жүйөлүү негиздер болгон учурда билим берүүнү башкаруу органдарынын расмий чечимдери менен гана уруксат берилиши мүмкүн. Баланы өз убагында мектепке каттабагандыгы үчүн жоопкерчилик ата-энеге же мыйзамдуу өкүлгө жүктөлөт.
15-августта балдарды мектепке негизги каттоо аяктаган. Катталган балдар тууралуу бардык маалыматтар “Күндөлүк” системасына берилет, анда мектеп администрациялары класстарды комплектациялай баштайт.
Министрликтин маалыматы боюнча, бардык ата-энелер же мыйзамдуу өкүлдөр 5-сентябрдан кечиктирбестен баланын ден соолугунун абалы жөнүндө медициналык маалымкаттын түп нускасын, алынган эмдөөлөр жөнүндө медициналык маалымкаттын түп нускасын бала катталган мектепке тапшырууга милдеттүү.
Мектеп жашына жеткен (6-7 жаштагы) баланы 1-июнга чейин туруктуу каттоо дареги боюнча mektep.edu.gov.kg сайты аркылуу “Электрондук каттоо” АМСга онлайн каттоо керек болчу. Ал эми туруктуу каттоо дареги боюнча каттоодон баш тарткан учурда 2-июндан 15-августка чейин башка (микроучастокко кирбеген) бош орун бар мектепти тандоо зарылдыгы айтылган.
13-августка карата системада 75 миңге жакын бала эч бир мектепке катталбай турган. Алардын билим алууга болгон укугун коргоо максатында, ошондой эле жарандардын кайрылууларын, айрым мектептерде квота көбөйтүү боюнча аймактык билим берүү органдарынан келип түшкөн сунуштарды эске алуу менен Агартуу министрлиги 13-15-августта кошумча квоталарды ачуу жөнүндө чечим кабыл алган.