Бишкек-Ош жолунун Суусамыр тилкесинде 18 чакырым асфальт төшөлдү
Новость

Бишкек-Ош автожолунун Суусамыр тилкесинде жүрүп жаткан жол оңдоо иштери башталгандан бери 18 чакырым эки тараптуу асфальт басылды. Учурда асфальт төшөө, кээ бир тилкелеринде жолдун негизин даярдоо, суу түтүктөрүн орнотуу иштери уланууда. 

Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Бишкек-Ош автожолунун Суусамыр тилкесинде жүрүп жаткан жол оңдоо иштеринен кабар алды. Аталган өрөөндө суук эрте түшɵɵрүн эске алуу менен жол тилкесинен алыс эмес жерге эки асфальт –бетон заводу орнотулган. 

Учурда заводдордон саатына 200-300 тонна кɵлɵмүндɵгү асфальт чыгарылып жатат. Белгилей кетсек, Бишкек-Ош авто жолунун Суусамыр тилкесин капиталдык оңдоо иштери быйылкы жылга пландалып, ушул жылы курулуш иштери башталган.