Дайырбек Орунбеков: Балыкчыда чоң өзгөрүүлөр башталды
Новость

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн жетекчиси Дайырбек Орунбеков Фейсбуктагы баракчасына Ысык-Көлдөгү Балыкчы шаарында чоң өзгөрүүлөр болуп жатканын жазып чыкты.

"Чолпон-Атадагы Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынан кайтып келе жатып, Балыкчыга токтоп өттүм. Шаарда чоң өзгөрүүлөр башталыптыр. Балыкчы шаары –туризмдин жүрөгү болгон керемет Ысык-Көлдүн босогосу. Мурда кире беришинде арка бар эле, кире бергендеги өтмөк тар, жүрөктү кысат болчу. Ал буга чейин алынып салынган. Анын ордуна жаңы арка тургузулуп, үстүнө “Ак кеме” орнотулат экен. Мындан сырткары толкун формасында жасалган фото-зона курулуп, элдер сүрөткө түшө турган сонун жай болот.

Шаарга кире бериштеги айланма жолдун ортосунда турган желек жаңыртылып, реконструкция болот. Ошол эле жерде балык саткандар бар болчу. Алар жол тыгын жаратып, коопсуздук сакталбай өздөрүнө деле оор эле. Мына ошол соода кылгандарды дагы көчүрүүгө атайын “Балык” базары салынып жатыптыр. Ал жай кышында жылуу, жайында салкын болуп, соодагерлер үчүн да, кардарлар үчүн да ыңгайлуу болот экен.

Автобекет да заманбап деңгээлде курулуптур, 200дөн ашык такси, он чакты автобус үчүн чоң токтоочу жай каралган. Унаа токтоочу жайга шлагбаум коюлуп, жүргүнчүлөрдү лицензиясы бар таксилер гана тейлей турган болот. Шаарды аралап өткөн негизги трассанын боюндагы зым карагайлар алынып, ордуна гүлдөр отургузулуп, веложол менен тротуар салынып жатат. Мындан тышкары Балыкчыда шаардык базар, тейлөө жана көңүл ачуучу жайлардын, парктардын курулушу да жүрүп жатыптыр. Мына ушул долбоорлордун соңуна чыгуусу менен, Балыкчы шаары бир кыйла өзгөрүп, көркүнө чыгат", - деп жазды Дайырбек Орунбеков.