Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин Кыргызстанга расмий сапар менен келди
Новость

Кыргызстанга расмий сапар менен келген Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустинди “Ысык-Көл” эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев тосуп алды.

Анда килем төшөлүп, ардактуу кароолдун ротасы тизилди.

Расмий сапардын алкагында министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен кыргыз-орус күн тартибиндеги бир катар маселелердин жыйындысы каралаары, анын ичинде соода-экономикалык мамилелер, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана интеграциялык бирикмелердин алкагындагы аракеттерди координациялоо боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлөөрү күтүлүүдө.

Сапардын алкагында Михаил Мишустин Президент Садыр Жапаров менен да жолугушуусу пландалган.