Бүгүндөн баштап эттин баасы көзөмөлдөнөт
Новость

Бүгүн, 11-августтан тартып 90 күнгө уй жана кой этинин баасына убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилет. Бул тууралуу Экономика жана комерция министрлиги билдирет.

Бул чечим негизсиз баанын өсүшүнө жол бербөө жана калк үчүн продукциянын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында кабыл алынды.

Чечим Кыргыз Республикасынын «Бааны жөнгө салуу жөнүндө» Мыйзамына жана 2023-жылдын 8-сентябрындагы Министрлер Кабинетинин № 455 токтомуна ылайык кабыл алынган.

Бааны көзөмөл жана жөнгө салуу иштерин Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы көзөмөлдөйт.