Бишкек шаарынын мэриясынын маалыматы боюнча, 14-августтан 15-августка караган түнү саат 00:00дөн 06:00гө чейин Манас проспектиси менен Бөкөнбаев көчөсүнүн кесилишиндеги жол кыймылы убактылуу жабылат.
Чектөө “Бишкекасфальтсервис” МИ тарабынан чакмак жол чийиндерин (1.26 белгиси) жаңылоо иштерине байланыштуу киргизилет. Бул белгилер унаа тыгындарын азайтуу үчүн светофор менен жөнгө салынуучу кесилиштерде колдонулат.
Мэрия шаардыктарды алдын ала маршрут пландап, айланып өтүүчү жолдорду пайдаланууга чакырат. Жумуштар түнкүсүн, МАИ кызматкерлеринин коштоосунда жүргүзүлөт.
Буга чейин мындай чийиндер Манас–Москва, Манас–Токтогул жана Манас–Киев кесилиштерине түшүрүлгөн. Жакынкы күндөрү борбордун дагы 11 кесилишинде иш жүргүзүлөт.