Бишкекте айрым аймактарда ичүүчү суу убактылуу токтотулат
Новость

21-августта саат 10:00дөн 21:00гө чейин Бишкектин айрым аймактарында ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэрия маалымдады.

Маалыматка ылайык, суу берүү төмөнкү аймактарда өчүрүлөт:

  • Ахунбаев көчөсү;
  • Тыналиев көчөсү;
  • Курчатов көчөсү;
  • Миңжылкиев көчөсү.

Суу өчүрүү күз-кыш мезгилине даярдык көрүү жана жөнгө салуучу арматураларды алмаштыруу иштерине байланыштуу жүргүзүлөт.

«Бишкексууканал» МИси жарандардан жана уюмдардан түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнүп, ичүүчү сууну алдын ала камдап алууга чакырат.