Нарында жасалма акча колдонгон жаран кармалды
Новость

Тартип  сакчылары Нарын шаарынан жасалма акча колдонгон жаранды кармашты. Бул тууралуу бүгүн Нарын ОИИБинин маалымат кызматы кабарлады. 

Маалыматка караганда, 11-август күнү саат 11:55 чамасында Нарын шаарындагы   дүкөндөрдүн бирине жашы 25-30 чамасындагы белгисиз эркек киши колуна ымыркай баласын көтөрүп кирип, жалпы баасы 175 сомдук товар алып, сатуучуга жасалма 1000 сомдук купюраны берип, 825 сом кайтарып алганы боюнча билдирүү келип түшкөн.

Акча.jfif 140.87 KB
Аталган билдирүү шаардык милиция тарабынан каттоого алынып, текшерүүнүн жүрүшүндө, шектүү Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну экени аныкталды. Ал август айынын башында ижарага алган «Субару Легаси» автоунаасына EPSON үлгүсүндөгү принтерин салып, ар кайсы аймактарда (Жалал-Абад, Балыкчы, Сокулук) жана Нарын шаарында жасалма акча менен соода кылып жүргөнү белгилүү болду. 

11-август күнү Нарын ШИИБдин Кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан шектүү кармалып, автоунаасынан EPSON принтери жана даярдалган 28 даана жасалма 1000 сомдук купюра табылып, айып унаа токтотуучу жайга токтотулду.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү учурда Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди.