Кыргызстанда донорлордун саны 1000 адамга көбөйдү, бирок муктаждык дагы деле жогору
Новость

Министрлер Кабинети кан тапшыруу боюнча жараянды баштагандан бери дагы 1000 адам донорлордун катарына кошулду. 

Бирок Республикалык кан борборунун маалыматына ылайык, канга муктаж болгондордун саны азайган жок. 

Кан плазмасына болгон резервди толтуруу үчүн министрлер кабинетинде атайын кампания башталган. Анда ден соолугу туура келген ар бир мамлекеттик кызматкер донор болушу керек. Саламаттык сактоо министрлиги кан тапшырган адам өз ден соолугуна да пайда алып келерин белгилейт.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун нормасы боюнча, ар 1000 кишиге 40 донор туура келиши керек. Кыргызстанда бул көрсөткүч болгону 5,5 адамды түзөт. 18 жаштан 60 жашка чейинки ден соолугу чың ар бир жаран донор боло алат, бирок белгилүү оорулары барлар кан тапшыра алышпайт.

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы да кан тапшыруу — сооптуу иш экенин, муктаждарга жардам берүү ар бир адамдын жарандык милдети экенин эскертти.

Учурда өлкөдө туруктуу донорлордун саны аз, кан берүүнүн 80% жакыны туугандар арасында гана жүргүзүлөт. Адистердин айтымында, бир жыл ичинде 10 жолу кан тапшырган адам 30 адамдын өмүрүн сактап кала алат.