Жол эрежесин одоно бузган же экспресс-тестти жеринде тапшыра албай калган айдоочулар эми айдоочулук күбөлүгүн кайтарып алуу үчүн кайрадан экзамен тапшырат. Бул тууралуу Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик маалымдайт.
Маалыматка караганда, жол эрежесин одоно бузгандарга кайрадан жол эрежеси боюнча экзамен тапшырып, айдоочулук күбөлүгүн алууга эки ай убакыт берилет. Бул аралыкта теория боюнча экзаменди тапшырууда айдоочуга чектөө жок жана айдоочулук күбөлүктү алуу үчүн бир нече жолу сынак тапшырса да болот.
Быйылкы жылдын алты айында Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик 87 миң 812 айдоочулук күбөлүк берген. Эми сентябрдан баштап мекеме жол эрежесин одоно бузган айдоочулардан же экспресс-тестти жеринде тапшыра албай калгандардан да сынак кабыл ала баштайт. Аларды биринчи жолу айдоочулук күбөлүк алам дегендер менен чогуу сынакка киргизүү жагы каралууда.
Ошондой эле мекемелер аралык комиссия убактылуу айдоочулук күбөлүктөн ажыраган айдоочулар экзамен тапшырып, кайра күбөлүгүн колуна алганга чейин “Түндүк” тиркемесинде айдоочулук күбөлүгүн колдонууга убактылуу чектөө жагы кандай киргизилерин тактоодо.