«Кадастр» мамлекеттик мекемесинин кызматкерине ири өлчөмдө пара берген Араван районунун тургуну кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Дөбө-Коргон айыл өкмөтүнүн Тепе-Коргон айылынын тургуну аянты 2000 чарчы метр соода борборунун имаратын суу коргоо зонасынын аймагына мыйзамсыз тургузуп алганы аныкталган. Ошол эле учурда Араван райондук архитектура башкармалыгы жана Ош облусу боюнча мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөл башкармалыгы тарабынан имаратты пайдаланууга уруксат кагаздарын алууда мыйзам бузуу менен берилген.
Ал уруксат кагаздарын алуу максатында жогорку даражадагы мамлекеттик кызмат адамдарынын атын жамынып, ошондой эле «соода борборунун ачылышына КР Президентинин катышуусу болжолдонууда»-делген жалган маалыматты колдонгон.
Шектүү 9-августта Кылмыш-Жаза кодексинин 345-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык кармалып, УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча Башкы башкармалыгынын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда жогоруда аталган мамлекеттик органдар тарабынан берилген уруксат кагаздарынын негиздүүлүгү боюнча экспертизанын корутундусун алууга жана алардын жоопкерчилигин андан ары кароого багытталган тергөө-ыкчам иш-чаралары уланууда.