Ленин райондук ички иштер бөлүмүндө жарандын каза болушу фактысы боюнча Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоду.
Прокуратуранын маалыматына ылайык, бул окуяга карата Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 338-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4-пунктунда (бийлик аша чабуу) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери боюнча иш козголуп, тергөө иштерин жүргүзүү УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкармалыгына тапшырылган.
Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тиешелүү бардык тергөө аракеттери прокуратуранын көзөмөлү астында жүргүзүлүп жатат.