20 жылдан кийин "Казарман" аэропорту кайрадан иштей баштады
Новость

Жалал-Абад облусунун Казарман айылындагы аймактык аэропорт ири модернизациялоо иштеринен кийин кайрадан каттамдарды кабыл алууга даяр болду. “Кыргызстан аэропорттору” ААК жүргүзгөн жаңылоо иштеринин алкагында узундугу 1840 метр болгон учуп-конуу тилкеси, буруучу жолчо, унаа токтотуучу жай жана аэробекет оңдолду.

Аэропорт салмагы 22 тоннага чейинки аба кемелерин кабыл алууга ылайыкташкан жана күндүзгү режимде иштейт. Ал Казарман айылынан түндүк-чыгышта, кооз тоолуу аймакта жайгашкан.

Казарман аэропорту 1940-жылдары ишке кирип, заманбап учуу тилкеси 1985-жылы курулган. Ар кайсы жылдары Бишкек, Ош жана Жалал-Абадга каттамдар аткарылып келген.

20 жылдан ашуун тыныгуудан кийин бүгүн “Asman Airlines” мамлекеттик авиакомпаниясы алгачкы техникалык рейсин ийгиликтүү аткарды. Жакын арада Казарман менен Бишкекти туруктуу каттамдар байланыштырат деп күтүлүүдө.

Модернизациядан кийинки аэропорттун ишке кириши өлкөнүн транспорт тармагын өнүктүрүүдө жана аймак тургундары үчүн ыңгайлуу, коопсуз жана тез каттамдарды камсыз кылууда маанилүү кадам болуп саналат.