Эртең Бишкектин айрым жерлеринде суу болбойт
Новость

14-августта Бишкектин айрым жерлеринде суу болбойт. Бул тууралуу мэрия маалымдайт.

Маалыматка караганда, 14-августта саат 10:00дөн 24:00гө чейин, Үсөнбаев -Күрөңкеев  — ЧЧК — Элебесов  — Аул — Керамическая — Хвойная көчөлөрү чектелген аймакта суу өчүрүлөт.

Аталган аймакта суу бузууларды жоюуга байланыштуу токтотулат.

“Бишкексууканал” ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.