Кыргызстандын альпинизм федерациясынын президенти Эдуард Кубатов К2 чокусун багындырды.
К2 чокусу Пакистан менен Кытайдын чектешкен жериндеги Каракорум тоо кыркасында жайгашкан жана бийиктиги – 8614 метр. Ага альпинист эл аралык экспедициянын курамында 11-август күнү эртең менен кычкылтек колдонбостон чыккан. К2 – дүйнөдөгү кооптуу чокулардын ичинен экинчи орунда турат.
Ал эми дүйнөдөгү эң татаал делген, деңиз деңгээлинен 8091 метр бийиктикте жайгашкан Непалдагы Аннапурна чокусуна Эдуард Кубатов жазында кычкылтексиз көтөрүлгөн.