14-15-август күндөрү Чолпон-Ата шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин (ЕӨАК) Евразия экономикалык союзуна (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын деңгээлиндеги жыйыны өтөт.
Анын күн тартибинде Евразия экономикалык биримдигинин алкагында экономикалык интеграцияны мындан ары тереңдетүүгө багытталган 19 маселе каралат. Жыйында 2024–2026-жылдарга карата Евразия экономикалык союзуна мүчө мамлекеттердин координацияланган (макулдашылган) транспорттук саясатын ишке ашыруу боюнча негизги багыттар жана этаптар боюнча «жол картасын» толуктоого өзгөчө көңүл бурулат.
Бул иш-чаралар транспорт тармагындагы жогорку квалификациялуу адистерди натыйжалуу пайдаланууга шарт түзүүгө, адистерге карата кесиптик жана квалификациялык талаптарды шайкеш келтирүүгө, билим берүү, кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу чөйрөсүндө кызматташтыкты өнүктүрүүгө, ошондой эле кадрларды даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу менен камсыздаган атаандаштыкка жөндөмдүү борборлорду өнүктүрүүгө көмөктөшөт.