Быйыл жол оңдоого 27 млрд сом бөлүндү
Новость

Быйыл Кыргызстандын жол тармагын өнүктүрүүгө 27 млрд сом бөлүндү. Жыл башынан бери өлкө боюнча 370 чакырымдан ашык жолго асфальт төшөлдү. Каражат мамлекеттик бюджеттен, капиталдык салымдардан жана инвестициялык долбоорлордон каржыланууда.

Министрликтин маалыматына ылайык, бул жылы ички жолдорду оңдоого өзгөчө көңүл бурулуп, туристтик маанидеги аймактарга — Кырчынга, Чуңкурчакка, ошондой эле Көл жана Нарын багыттарындагы жолдорго асфальт төшөлдү. Ошондой эле Бишкек шаарынын түндүк айланма жолу, Ош-Баткен-Раззаков, Өзгөн-Мырза-Аке-Кара-Кулжа, Түп-Кеген, Суусамыр-Талас-Тараз, Бишкек-Кант сыяктуу ири багыттарда курулуш иштери жүрүп жатат.

Өткөрмө бекеттерди тейлеген Өндүрүштүк-Инновациялык борбордун кирешеси артып, алты айда 159 млн сомго жакын каражат түштү. Өлкө боюнча 21 өткөрмө бекет бирдиктүү электрондук системага туташтырылып, ар бир өткөн унаанын жүгү жана кыймылы министрликтин борбордук аппараты тарабынан көзөмөлдөнүүдө. Эл аралык багытта Азербайжан, Түркия, Кытай менен келишимдер түзүлүп, оор жүк ташуучу унаалардын айдоочулары үчүн электрондук каттоо ишке киргизилди.

Мындан тышкары, тармактагы эң ири долбоорлордун бири — Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу. Жалпы узундугу 304 км ашык бул жолдо 50 көпүрө жана 29 тоннель куруу каралган. Ар бир чоң тоннелдин узундугу 12 кмден ашат. Ошондой эле Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече-Макмал темир жолу боюнча да 37 чакырым жол курулуп, эки долбоор тең активдүү уланууда.