Ак-Талаада токойдо чыккан өрт өчүрүлдү
Новость

Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Кыя айылынын Кыз-Жайлоо токойунда  11-августта чыккан өрт өчүрүлүп, учурда абал туруктуу.  Өрттүн кесепетинен жабыркаган адамдар болгон жок. Бирок өрттөн болжолдуу 0,2-0,3 гектар аянт күйгөн. Бул тууралуу бүгүн Ак-Талаа райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн билдиришти.

Акт2.jfif 249.86 KB
Маалыматка караганда, 12-августка карата абал туруктуу жана токойчулар түнү менен күзөттө болушту. Учурда чалгындоо жумуштары жүрүп жатат. 
Өрттү өчүрүүгө өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн, токой чарбасынан, Тоголок Молдо айыл өкмөтүнөн жана Ак-Кыя айылынын тургундарынан жалпы 37 адам, 7 техника тартылган. Ошондой эле кошумча мотопомпо, чака, канистр менен суу ташып чыгышкан. Ал эми карагайлардын чок болуп күйүп жаткан тамырлары балта жана күрөктүн жардамы менен казылып алынып, суу чачылып өчүрүлдү.