14-августта Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин Кыргызстанга расмий сапар менен келет.
Сапардын алкагында Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.
Анда кыргыз-орус маселелеринин кеңири чөйрөсү боюнча, анын ичинде соода-экономикалык мамилелер жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу каралары пландалууда.
Ошондой эле Президент Садыр Жапаров менен жолугушуусу күтүлүүдө.