Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Курбу айылында жаңы мектептин курулушу толугу менен аяктап, жакынкы күндөрү пайдаланууга берилет. Жалпы наркы 56 миллион сомду түзгөн Билим берүү мекемесинин курулушу 2022-жылы башталган.
Иш толугу менен Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусунун каржылоосу менен аткарылды.
Эки кабаттуу имарат 200 окуучуга ылайыкташкан. Буга чейин пайдаланылып келген эски мектеп өтө чакан жана авариялык абалда болуп, пайдубалдары көгөрүп, балдардын ден соолугуна кооптуу шарт жараткан.
Жаңы мектепте окуучулар үчүн заманбап окуу класстары, керектүү жабдуулар жана бардык шарттар каралган.
Азыркы тапта ички жасалгалоо жана тышкы көрктөндүрүү иштеринин акыркы баскычы жүрүүдө. Мектеп жаңы окуу жылында өз эшигин ачат.