Камчыбек Ташиев "Салкын-Төр" эс алуу жайынын долбоору менен таанышты
Новость

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Нарын шаарында болгон иш сапар алкагында “Салкын-Төр”  мамлекеттик жаратылыш паркын реконструкциялоо долбоору менен таанышты.  

Долбоор тууралуу Президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев маалымат берип, аталган жайдын 5.5 гектары ондоп-түзөөдөн өтөөрүн, ички жолдору толук жасалаарын  билдирип, учурда курулуш долбоору даярдалып жатканын кошумчалады. 

Анын айтымында, бул жай ички жана тышкы туристтер үчүн  бардык шарты менен кайра ишке берилгенде, бир жылда өзүн актайт. Эс алуу жайы келечекте заманбап, ыңгайлуу жана экологиялык жактан туруктуу эс алуу зонасы болот. 
Маалыматтарды уккан атайын кызматтын башчысы долбоорду өз мөөнөтүндө ишке ашырууну, эс алуучулар үчүн төлөө системасын автоматташтырууну тапшырды.
“Нарындагы бул жайга эс алуучулар көп келет экен. Курулушту эрте баштап, эрте бүтүргүлө. А-фреймдер, балдар оюн аянттары, ресторан салынсын. Бирок мамлекеттин акчасы чачылбагандай болсун. Салып эле таштап койбостон көзөмөлгө алынып, Ала-Арчадай шартты түзүп туруп, төлөө системасын автоматташтырып койгула. Себеби, мамлекет салган акча кайра кайтып келиш керек”,-деди Ташиев. 

"Салкын-Төр" мамлекеттик жаратылыш паркы 1984-86-жылдары курулуп пайдаланууга берилгени капиталдык оңдоодон өткөн эмес.