Президент Садыр Жапаров “Мамлекеттик тилди колдонуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.
Мыйзам 2025-жылдын 25-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.
Кабыл алынган Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин жана “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө”, “Жарнама жөнүндө”, “Тышкы миграция жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө”, “Банктар жана банк иштери жөнүндө”, “Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө”, “Нотариат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерин “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын ченемдерине шайкеш келтирүү максатында кабыл алынган.