Апасын катуу сабап, үйүн өрттөп жиберген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Милициянын маалыматына караганда, 8-июлда Ак-Бешим айылынын 64 жаштагы жаран катуу сабалып, Токмок шаардык ооруканасына келип түшкөн. Тергөөнүн жүрүшүндө анын 39 жаштагы уулу мас абалында сабап, үйүн өрттөгөнү белгилүү болгон. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 131-беренеси (Ден соолукка жеңил залал келтирүү) менен кылмыш иши козголуп, шектүү издөөгө алынган.
Сот тарабынан шектүүнүн сыртынан айып тагуу чечими чыгарылып, сот аны камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалган.
Бүгүн, 11-августта Чүй райондук милициясы тарабынан шектүү Бишкек шаарынын аймагынан кармалды. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.