Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Нарын шаарында курулуп жаткан Инновациялык креативдүү демилгелер борборунун курулушу менен таанышты.
Курулуш тууралуу Президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев маалымат берип, бул борборго Нарын шаарындагы бардык маданият, билим берүү бөлүмдөрү, китепканалар, кинодирекция жайгашаарын айтып, маданият кызматкерлери жана калк үчүн заманбап шарттар түзүлүп, тейлөө дагы жакшыраарын маалымдады. Анын айтуусунда, мындай борбор өлкө боюнча биринчи жолу Нарын шаарында курулуп жатат. Бул долбоор кийин бардык облустарга жайылтылат.
Атайын кызматтын башчысы борборду куруп жаткан курулушчуларга дагы шарттар түзүлүшү керектигин айтып, айлык акылары дагы жогору болушун белгилөө менен куруучулардын ишине ийгиликтерди каалап, имараттын сапатына көнүл бурууну тапшырды.
Имараттын курулушуна быйыл 25-июлда мезгил кутусу салынган.